• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

ӨКМ: Бишкек-Ош унаа жолу ачылды

Коом 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Убактылуу жабылган “Сосновка”, “Арал” посттору жана Өтмөк ашуусу каттам үчүн ачылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык унаалар тоскоолдуксуз бүгүн, 22-марттан таңкы саат 06:00дөн тарта өтө башташкан.

Эске сала кетсек, үстүдө аталган посттор кечээ, 21-мартта саат 21:00дөн тарта унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылган.

ӨКМден кабарлашкандай, мындай чара Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий