• 87.23
  • 99.26
  • 1.05

Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар Бишкекке алып келинди

Коом 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Казакстандын Актау шаарындагы авиакырсыктан жабыркаган 3 жаран Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды алып келген учак Бишкек шаарынын "Манас" эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду.

"Алар тез жардам аркылуу Бишкектеги улуттук ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 25-декабрда J2-8243 номерлүү Баку – Грозный каттамын аткарып бара жаткан "Азербайжан аба жолдоруна" таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын 16 жараны болуп, бортто жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 32 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Пикир

Оставить комментарий