• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Казакстан Кыргызстанга ун түрүндө жардам берет

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Казакстан Кыргызстанга 5 миң тонна ун түрүндө жардам берет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, ун өлкөгө жакынкы күндөрү келет.

"Казакстан Кыргызстанга 5 миң тонна ун түрүндө жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Биринчи вагондор бүгүн-эртең Бишкекке келет. Калганы өлкөнүн түштүгүнө жеткирилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий