Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Катуу суука байланыштуу россиянын Тюмень менен Курган шаарынан Бишкекке автобустук каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Россиянын Гидрометцентринин кабарына таянсак, азыркы учурда Курган жана Тюменде -32 градус суук болууда.
Автобустук каттамдар Бишкекке качан жанданары азырынча белгисиз.
	
                                                        
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий