• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Караколдо жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага башкармалыктын жумушчу тобу, мамлекеттик органдардын, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, шаар аралык авточарбалардын жетекчилери, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты.

Жолугушууда башкы башкармалыктын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев доклад жасап, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерине токтолду.

Ошондой эле иш-чарада жол кырсыктарын алдын алууга багытталган атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлүп, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн командасы өспүрүмдөргө жол эрежелерин эскертишти. Мындан тышкары, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна тиешелүү органдын өкүлдөрү жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий