• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

COVID-19: Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилгенби? – мэриянын жообу

Аймак 0


Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Каракол шаардык мэриясы Кирпич заводунун аймагындагы көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалыматты четке какты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, маалымат чындыкка дал келбейт.

Мэриянын маалыматына ылайык, 5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб Кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алынуу чечкен. Анткени, бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечими кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө ширетүүчү аппаратын колдонуу менен подъездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

“Муниципалитет жарандардын кыймылына чектөө киргизүүнү ниет кылган эмес. Каттамдык баракчаларды +996701392260 номери аркылуу алууга болот”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэриядан агенттикке билдиришкендей, жашоочулар эшикке чыга алат, бирок алар курчалган аймакты таштап кетпөөсү зарыл.

Белгилей кетсек, бул көп кабаттуу үйдүн жашоочусу подъезддерден чыгууга тыюу салынды, эшиктер жабык, үйдүн сызма менен курчап койду деген видео жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий