• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Кара-Кулжа районунда муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык райондун баш имам хатиби Дастан ажы Мамаевдин демилгеси менен жардамга муктаж жана үй шарты начар болгон 7 үй-бүлөгө 2 миң сомдон акчалай жардам берилди.

Кайрымдуулук иш-чарасы хатибият тарабынан каржыланып, жалпысынан 14 миң сом сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий