• 87.4
  • 95.11
  • 1.02

Кара-Кулжа районунда кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар бузулду

Аймак 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар бузулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагындагы көчөлөрдөгү кызыл сызыкка, тротуарга чыгып кеткен 8 объекти буздурулду.

Демонтаждоо иштери Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий