• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

Кара-Балтада көп кабаттуу үйлөрдөгү батирден 67 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Чүй облусунун Кара-Балта шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринен 67 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрь күнү саат 16:45те куткаруучулар Оторбаев көчөсүндө жайгашкан №47 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып киришкенде, батирдин ичинен 67 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий