Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСи – муундан-муунга аңыз болуп айтылып, көптөн күткөн долбоор эле. Бул кыял дагы реалдуу ишке ашууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайда билдирди.
Мамлекет башчысы өлкө энергетикалык жактан көз каранды болбой, өзүн-өзү камсыздоого өтөрүн баса белгиледи.
"Жүздөгөн жылдар бою биздин ырыскыбызга айланган суу ресурсу келечекте өлкөбүздү алдыга жылдырган, экономиканы өнүктүргөн, энергия менен камсыз кылган жана электр кубатын экспорттоочу күчкө айланат", - деди президент.
Белгилей кетсек, бүгүн,бүгүн Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү да катышып жатат.
Пикир
Оставить комментарий