• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Кайыңдыда катуу шамал катталып, турак үйдүн чатырын учурду

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Кайыңды шаарында катуу шамал катталып, турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-апрелде саат 20:40тар чамасында Чүй облусунун Панфилов районунда катуу шамал катталып, Кайыңды шаарында жайгашкан үч кабаттуу турак үйдүн тунике менен жабылган 42 чарчы метр чатырын учуруп кеткен, жабыркагандар жок.

Бүгүн, 1-майда райондук ЖК комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгым аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий