• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Кадамжайда көпүрөдөн кулаган жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кадамжайда көпүрөдөн кулаган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай шаарында көпүрөдөн эркек адам кулап кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, мас абалда кулап калган адамды чыгарышкан.

Куткаруучулар тургунду тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жарандын абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий