• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Кадамжайда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Кадамжай районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-июлда Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам – Сай дарыясына түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. 13-июль күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий