• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Көк-Жар айылы жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Көк-Жар айылы жарыктандырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган айылдын Кайыков, Коңур Осмонов, Күмүшалиева жана Куланов көчөлөрү жарыктандырылды. Тактап айтканда, 200дөн ашык кубаттуу чырак орнотулуп, 6000 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым тартылды.

Мындан тышкары, Чыныбек Алиев көчөсүндөгү Полиция шаарчасына жарык орнотулган.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын алкагында Көк-Жар айылы Бишкек шаарынын Октябрь районунун курамына кирген.

Пикир

Оставить комментарий