Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Кечээ футбол боюнча УЕФА чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын жооптук беттеши болду.
Италиялык "Ювентус" өз талаасында "Атлетико Мадрид" клубун 3:0 эсеби менен жеңип, Чемпиондор лигасынын ¼ финалына чыкты.
Биринчи оюнда ""Ювентус" 0:2 эсебинде утулуп калган болчу.
Ал эми англиялык "Манчестер Сити" германиялык "Шальке 04" клубун өз талаасында 7:0 эсеби менен жеңип алды.
Биринчи оюнда дагы "МанСити " 3:2 эсебин менен жеңишке жеткен эле.
Бүгүн "Барселона" – "Лион", "Бавария" – "Ливерпуль" беттештери өтөт, анда чейрек финалга чыккан дагы эки команда аныкталат.
Буга чейин Чемпиондор лигасынын чейрек финалына "Порту", "Аякс", "Манчестер Юнайтед", "Тоттенхэм" командалары чыккан.
Пикир
Оставить комментарий