Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Юстиция министрлиги нотариаттын 2.0 бирдиктүү маалыматтык системасын ишке киргизет.
Министрликтен билдиришкендей, «Электрондук нотариат»-1.0 автоматташтырылган маалыматтык системасы республика боюнча 2024-жылдын 5-февралынан тартып өчүрүлөт.
Кыргызстандын нотариустары 2024-жылдын 1-февралына чейинки жасалган нотариалдык аракеттерди 2024-жылдын 5-февралына чейин «Электрондук нотариат»-1.0 киргизүү зарыл.
Кыргызстандын нотариустары реестрдик журналдарында 2024-жылдын 1-февралынан баштап Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму-2.0 чыгарган уникалдуу реестринин номерин жазышат
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий