• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Италиядан келген делегат чет жердеги кыргызстандыктардын пенсия маселесин чечип берүүнү суранды

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. III Элдик курултайдын Италиядан келген делегаты Айгүл Алиева чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктардын пенсия маселесин чечип берүүнү суранды.

Анын айтымында, Италия менен Кыргызстандын ортосунда келишимдин жоктугу пенсия маселеси боюнча өзгөчө курч көйгөйлөрдү жаратууда.

"Италияда Кыргызстандан барган көптөгөн улгайган жарандар жашайт. Пенсияга чыгуу үчүн ал жерде 20-30 жыл иштеш керек. 40-50 жашта болсоң дагы эмгек тажрыйбасы башынан эсептелип баштайт. Эгерде башка өлкөлөрдөгүдөй келишим түзүлсө, Италиянын өкмөтү Кыргызстанда иштеген жылдарын эсептеп, пенсия курагына жеткенде пенсия алмакпыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте III Элдик курултайдын экинчи күнү өтүүдө. Ага президент, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жер-жерлерден келген делегаттар, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий