• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

ИИМдин кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Парижге барышты

Коом 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. 10-14-декабрь күндөрү Жогорку Кеңештин депутаты, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясы иш сапары менен Франциянын Париж шаарына барышты.

ИИМден билдиришкендей, сапардын негизги максаты Франциянын полициясы менен калкынын ортосундагы кызматташтыгын жана укук бузуулардын алдын алуудагы ийгиликтүү ыкмаларын изилдеп, тажрыйба алмашуу болду.

Иш-чаранын алкагында делегациянын мүчөлөрү бир нече департаменттерге жана уюмдарга барып, Франция полициясынын коомчулук менен кызматташуу тажрыйбасын тереңирээк изилдешти.

Тажрыйба алмашуу иш сапары Saferworld жана Эл аралык толеранттуулук фонду тарабынан "Милиция менен калктын ортосундагы социалдык кызматташтык" долбоору боюнча уюштурулуп, Американын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Париж полициясына жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык айтылып, бул сапар Франция жана Кыргызстандын ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жаатындагы маанилүү кадам катары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий