Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин 28 кызматкери министрлер кабинетинин Аржак грамотасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын ыраазычылык катына татыды.
Ведомстводон билдиришкендей, сыйлыктарды күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы катышуучуларды сыйлыктарын алуу менен куттуктап, алардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымдарын баса белгиледи.
"Чынчыл жана эрдиктүү эмгек баалоого жана урматтоого татыктуу. Сиздерди татыктуу сыйлыктарыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул сыйлыкты алуу – мекен үчүн көп жылдык эмгектин натыйжасы. Бул жылы биз Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгын белгиледик. Мындан тышкары, бир катар мамлекеттик органдар дагы өздөрүнүн 100 жылдык юбилейин белгилешти.
Бүгүн Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган сыйлыктар тапшыруу аземи, ошондой эле Экономика министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Улуттук китепкананын 90 жылдыгы жана Энергетика министрлигинин мааракелерине менен байланыштуу, сыйлыктар милиция кызматкерлерине, мугалимдерге, дарыгерлерге, энергетиктерге жана башка адистерге тапшырылууда. Мен бул сыйлык сиздер үчүн келечектеги жетишкендиктер жана жогорку натыйжалар үчүн дем берүүчү жана шыктандыруучу болот деп ишенем»", - деди ал.
Иш-чаранын аягында Адылбек Касымалиев сыйлык алгандарды жаңы 2025-жыл менен куттуктап, бакыт, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин Ардак грамоталары жана министрлер кабинетинин төрагасынын ыраазычылык каттары менен 28 милиция кызматкери сыйланды.
Пикир
Оставить комментарий