• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

ИИМ башчысынын орун басарынын иниси УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, соттун чечими менен 14-ноябрь күнү Өмүрзаков 2021-жылдын 12-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Эскерте кетсек, Улукбек Өмүрзаков Ош облусундагы көмүр кенин рейдерлик басып алууну уюштурууга шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий