Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын январында салык органдарында 8 миң 139 жаңы салык төлөөчү катталган, алардын ичинен 1464 юридикалык жак, 6 миң 675 жеке ишкер. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-февралына карата 710 миң 412 салык төлөөчү салыктык эсепке алынган. Алардын ичинен 133 миң 544 юридикалык жак, 334 миң 914 жеке ишкер, 241 миң 954 дыйкан жана фермердик чарба.