• 87.45
  • 101.07
  • 1.07

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Биздин эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээли мындан ары да түркмөн-кыргыз өнөктөштүгүн жана багыттардын бардык спектри боюнча мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүү үчүн бекем негиз болуп берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий