• 87.45
  • 98.04
  • 1.09

Финансы министрлиги: Мамбюджеттин кирешесинин көлөмү 2024-жылга 413,3 млрд сом суммасында болжолдонууда

Экономика 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2024-жылга 413 367,3 млн сом суммасында же ИДПга карата 32,8% деңгээлинде болжолдонууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымына караганда, 2025–2026-жылдар мезгилинде мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү тийиштүү түрдө 461 млрд 278,8 млн сомду жана 512 млрд 851,6 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий