• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуууну, кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылган учурда 112 кызматына токтоосуз билдирүүнү эскертет.

Пикир

Оставить комментарий