• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Эртең Раззаков шаарындагы муниципалдык базар иштеп баштайт

Аймак 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Эртең Баткен облусунун Раззаков шаарындагы муниципалдык базар иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-августта президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда муниципалдык мал базары ачылып, пайдаланууга берилген.

4-сентябрдан тартып муниципалдык мал базар өз ишмердүүлүгүн баштайт. Мал базар, автоунаа жана чөп базарлары толугу менен ишке берилет.

Пикир

Оставить комментарий