• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Эртең Бишкектин Байтик баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылат

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы аяктады

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 21-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөлөрү менен чектелген бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат.

Белгиленгендей, жол тилкесине 2 катмар асфальт басылып, жол чийиндери чийилди.

Ал эми жол боюндагы ирригация тутумун жана жашыл зонаны ирээтке келтирүү жумуштары уланат.

Пикир

Оставить комментарий