Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга бөгөт коюуга багытталган иштердин алкагында Энергетика министрлигинде жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Министрликтин жыйындар залында өткөн жыйынга жалпы 250гө жакын кызматкер катышты. Анын ичинде борбордук аппараттын, ошондой эле "Кыргызстан улуттук электр тармактары", "Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы", "Электр станциялары", "Нарынгидроэнергокурулуш", "Чакан ГЭС" ААКтардын, Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын, "Кыргызтранснефтегаз", "Кыргызкөмүр" МИнин, Чүй электр тармактар ишканасынын жана Бишкек ТЭСдин өкүлдөрү бар.
Анда жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча маалыматтар айтылды.
Ошондой эле УКМК тарабынан 2020-2024-жылдар аралыгында энергетика чөйрөсүндө аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жана фактылардын жыйынтыктары мисал келтирилди.
Жолугушуунун соңунда энергетика министри Таалайбек Ибраев жетекчилерди туруктуу негизде түзүмдүк бөлүктөрдүн жамаатына бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Пикир
Оставить комментарий