• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Эмгек министрлиги жаңы жылдык майрамдарга карата мектеп-интернаттарда нөөмөт уюштурду

Коом 0

Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги социалдык стационардык мекемелерде жаңы жылдык майрамдарда кызматкерлердин нөөмөт графигин бекитти.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда социалдык камсыздоо системасында 17 мектеп-интернат иштейт. Аларда 2389 кызмат алуучулар – чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ошондой эле улгайган жарандар жашайт.

Белгиленгендей, нөөмөт боюнча мониторинг министрликтин жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий