Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. III Элдик курултайга Бишкек шаарынан делегат болуп келген Токтокан Боромбаева майыптыгы бар жарандар үчүн инфраструктураны жакшыртуу маселесин көтөрдү.
Муну менен катар, 13 чакырымы Биринчи май району аркылуу өткөн Чоң Чүй каналынын жээктерин бекемдөө зарылчылыгын белгиледи.
Ал каналды жарым-жартылай жаап, ЧЧК аркылуу жол куруу маселесин көтөрдү. Делегаттын айтымында, мындай иш-аракеттер жол тыгынын азайтмак. Бирок бул долбоор көп каражатты талап кылгандыктан, делегат шаардын бюджетин кайра карап чыгууну сунуштады.
Белгиленгендей, азыр Бишкек шаардык мэриясы жыйымдардын 10%ын гана калтырып, 90%ын республикалык бюджетке берип жатат.
Ошондой эле Токтокан Боромбаева Бишкекте кала турган жыйымдардын көлөмүн 10%дан 25%га көтөрүүнү сунуштады.
Пикир
Оставить комментарий