• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

"Элдик Банктын” финансылык көрсөткүчүнүн жалпы активдери 25 пайызга өстү – Турдалиев

Экономика 0

Бишкек, 25.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. “Элдик Банктын” финансылык көрсөткүчүнүн жалпы активдери жылдын башына салыштырмалуу 25 пайызга өстү. Бул тууралуу “Элдик Банк” ААКтын төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2024-жыл “Элдик Банк” үчүн жемиштүү жылдардан болду. Кыргыз калкынын банкка болгон ишеними бир топ жогорулады.

“Быйыл “Элдик банк” үчүн жемиштүү жылдардан болду. Тарыхый кадамдарды жасоого шарттар түзүлдү. Алардын алгачкысы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен банктын аталышы өзгөртүлүп, кыргызстандыктарга мурдагыдан да жакын болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кардарларга финансылык кызматтар сапаттуу көрсөтүлдү. Бир жылдагы алгылыктуу иштерге токтолсом, банктын кредиттик портфели жылдын башында 31 млрд сомду түзсө, бүгүнкү күндө 39 млрд сомго жетти. Депозиттик базасы 18 миллиарддан жогорулап, бүгүнкү күндө 68,3 млрд сомду түздү. Уставдык капиталы 9 млрд сомдон 11 млрд сомго көбөйдү. Муну менен кыргыз калкынын банкка болгон ишеними жогорулаганын айтууга болот”, - деди ал.

Ошондой эле Турдалиев белгилегендей, “Элдик Банк” биричилерден болуп “Фич” эл аралык агенттигинин кредиттик рейтингине чыгууга жетишти.

“Мындан сырткары, биринчилерден болуп, туунду компаниябызды ачтык. Жаңы мобилдик тиркемебизди иштеп чыктык. Ошондой эле президенттин демилгеси менен “МЕГА” уюлдук оператору менен бирге “Ишкер 24” мобилдик тиркемесин иштеп чыгардык”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий