Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев менен Беларустун токой чарба министри Александр Куликтин жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү, токой өстүрүү, аны калыбына келтирүү, токой тармагын өнүктүрүүнү экономикалык пландаштыруу жана болжолдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өнөр жайлык кооперация жана Кыргызстанга токой продуктыларын, анын ичинде жыгач материалдарын жана жыгач отундарды жеткирүү маселелери козголду.
Пикир
Оставить комментарий