Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Эки жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун жашоочусу табылды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Самаркандек айылынын 41 жаштагы жашоочусу 2019-жылдын 20-октябрь күнү өзү жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жүргөн.
Бул факты боюнча Баткен райондук ИИБдин милиция кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды уюштуруп, издөө иштерин жүргүзүп келген.
2021-жылдын 26-май күнү Баткен РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Базарбаев Анарбай Сапаралиевичти Ош облусунун Ноокат районунда жүргөн жеринен таап келип, туугандарына өткөрүп беришти.
Пикир
Оставить комментарий