• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Достук жана Максат айылдарынан эвакуацияланган жарандарга гумжардам жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам Лейлек районунун Достук жана Максат айылдарынан эвакуацияланган жарандарга ӨКМ тарабынан азык-түлүк Исфана шаарына жеткирилди. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, гумжардамдын ичинде ун, суу май, кумшекер, жылуу кийимдер жана тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр бар.

Пикир

Оставить комментарий