• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Дагы бир аймактык милиция пункту ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылында аймактык милиция пунктунун ачылышы болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад облусунун ИИБ жетекчиси А.Мамасейитов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышкан.

Борбор Ак-Суу жана Коргон-Төбө айылдарында жашаган 6 миң 686 тургундун коопсуздугун камсыз кылат.

Курулуш иштерине жалпысынан 300 миң сом сарпталган.

“Ачылган аймактык пункт Ак-Суу айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылып, жаштардын кылмыш жасоосуна чек коюп турат”,-деп билдиришти ИИБнан.

Пикир

Оставить комментарий