Бишкек, 14.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Дүйнөдөгү эң турбуленттүү аба каттамы болуп Мендосада-Сантьяго аба жолу аталды. Бул тууралуу Казахстандын “Казинформ” маалымат агенттиги Turbli рейтингине таянуу менен жазды.
Turbli рейтингине ылайык, Мендосадан (Аргентина) Сантьягого (Чили) учуу дүйнөдөгү эң турбуленттүү аба жолу деп табылды.
Дүйнөдөгү эң ири 550 аэропортту бириктирген 10 миңдей маршрутка баа берилди.
Турбуленттүүлүктүн деңгээли куюндардын диссипация ылдамдыгы (EDR) менен өлчөнгөн жана төмөнкүдөй классификацияланган: жумшак (0–20), орточо (20–40), оор (40–60), күчтүү (60–80), экстремалдуу (80–100).
Рейтингде биринчи орунду ээлеген Мендоса-Сантьяго аба каттамынын турбуленттүүлүгү 24,684. Экинчи орунда Кордоба (Аргентина) — Сантьяго (Чили) аба жолу. Ал эми үчүнчү орунда Мендоса (Аргентина) – Сальта (Аргентина) аба жолу.
Тактап айтканда, дүйнөдөгү эң турбуленттүү 3 аба жолу тең Түштүк Американын аба жолдору.
Пикир
Оставить комментарий