• 87.45
  • 100.59
  • 1.11

COVID-19. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер ооруга чалдыккан

COVID - 19 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1 жана Жалал-Абад облусунда 2 медик ооруп калган.

“Бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 11 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3126 учур катталды, алардын ичинен 2440 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 712ни түзөт. Алардын ичинен 37 миң 973 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий