Бишкек,19.04.19./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 3 саат аралыгында жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий