Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК гидроэлектростанциялардын жабдууларындагы оңдоо иштерин улантууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Алсак, ГЭС-1 күч трансформаторунда (Т-2) жана өчүргүчтөрүндө утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ишти алып барууга "Чакан ГЭС" ААКнын жергиликтүү релелик коргоо жана автоматика кызматы, электр техникалык участогу тартылды.
Иш ордуна барган адистер төмөнкү иштерди аткарышты:
- күч трансформаторго жана өчүргүчкө электр ченөө жүргүзүү;
 - РКжАны текшерүү жана тестирлөө;
 - өчүргүчтүн майын тестирлөө жана тандоо;
 - контакттык байланыштарды жана ажыраткычтарды тазалоо;
 - изоляторлорду чаңдан тазалоо;
 - фазаларды боё.
 
Ведомстводон аткарылган жумуштар электр энергияны ишенимдүү иштеп чыгышына жана сапатын жогорулатышына шарт түзөрун кошумчалашты.
	
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий