• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Чүйдө куткаруучулар чатырдан кулаган жаранга жардам көрсөттү

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.22. /Кабар/. Чүйдө куткаруучулар чатырдан кулаган жаранга жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Учкун-2 жаңы конушунун жанында курулуп жаткан 2 кабаттуу үйүдүн чатырынан 1968-жылы туулган М.Т. аттуу эркек киши кулап түшкөн.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, жаранды атайын шаймандардын жардамы менен жерге түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ал жаран ооруканага жеткирилди, абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий