• 87.41
  • 100.37
  • 1.11

Чүй районунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Чүй районунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-июнь күнү саат 13:19да Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Чүй районунун Чоң-Жар, Карагул айылдарында 3 балл, Кошой, Кегети, Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий