Бишкек, 11.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда былтыр "Түндүк" мобилдик тиркемесин 3 миллиондон ашуун колдонуучу көчүрүп алды. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова билдирди.
Анын айтымында, бул анын Кыргызстандын жарандары арасында актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ экенин тастыктайт.
"Мындан эки жыл мурда "Түндүк" тиркемесинин колдонуучулары болгону 20 миңди түзчү. Жарандарыбыздын арасында тиркеме өзүнүн санариптик актуалдуулугун көргөзө алды. Бүгүнкү күндө тиркеменин колдонуучулары 2,5 миллиондон ашуун. Жарандарыбыздын 70-80 пайызы тиркемени учурда активдүү колдонушууда. Жарандардын канааттануусу биз үчүн чоң ийгилик",-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий