Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл сугат суу өткөн жылга салыштырмалуу 151 млн куб метрге көп. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, 2022–жылдын 27-июнуна карата сугатка суу берүү планда – 2611,4 млн кубга каралса, иш жүзүндө – 2261,1 млн куб метр сугат суу берилип, план 88 пайызга аткарылды, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 151 млн куб метр көлөмдөгү суу көбүрөөк берилген.
"Ал эми бардык сугарылган аянт планда – 1719 миң га каралса, иш жүзүндө 1445 миң га аянты сугарылып, план 85 пайызга аткарылган, өткөн 2021-жылга салыштырмалуу 63,6 миң гектар аянты көбүрөөк сугарылды", - деди ал.
Министр белгилегендей, жалпы сугарылган 1445 миң гектардын ичинен жазгы ным топтоо сугаты 241 миң га, биринчи сугаты 878,8 миң га, экинчи жана кийинки сугаты 325,3 миң гектарды түзөт.