• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Быйыл Кыргызстанда 10 миңдей ипотекалык батир берилет

Коом 0

Жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында Мамлекеттик ипотекалык компания каражаттарды турак жай куруу долбоорлорун ишке ашырууга жумшап жатат. Учурда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бекитилген “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында алгылыктуу иштер аткарылууда.

Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания банктар менен өнөктөштүк түзүү аркылуу турак жай сатып алууну каржылаган. 2023-жылдан баштап өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, компания “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай курууга басым жасай баштады.

Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө токтолуп, аткарылган жана пландалган иштерине саресеп салат.

Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери 10 миң 11 үй-бүлөнү турак жай менен камсыздады. Буга жалпы жонунан 17,2 млрд сом суммасында каражат жумшалган. Анын ичинен 2015-2020-жылдары “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу 5 430 үй-бүлө үйлүү болгон. Ал үчүн 6,6 млрд сомдук каржылоо берилген.

2021-2026-жылдарга белгиленген “Менин үйүм” турак жай программасынын алкагында 4 369 үй-бүлө турак жай алган. Бул 10 млрд 173 млн 117 миң сомго каржыланган.

Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө “Менин үйүм” турак жай программасы аркылуу жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында батирлерди үч багытта “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижара” механизми аркылуу 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, жылдык 4-8 пайыз менен берет:

  • “Жеңилдетилген ипотека”:

- баштапкы төлөмү жок;

- 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;

- бюджеттик мекемеде иштеген жарандар үчүн;

  • “Социалдык ипотека”:

- баштапкы төлөмү жок;

- 25 жылга чейин, жылдык 4% менен;

- көп балалуу үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын камкорчуларына, айыл жеринде иштеген жаш адистерге жана жалгыз бой энелерге;

  • “Арзан ипотека”:

- баштапкы төлөмү жок;

- 25 жылга чейин, жылдык 8% менен;

- жеке чөйрөдө иштеген жарандар үчүн;

  • "Үлүштүк курулуш":

- мында 50% баштапкы төлөм талап кылынат;

- 8% менен 15 жылга чейин берилет;

- бардык жарандарга жана мигранттарга жеткиликтүү.

Жаңы механизмдердин киргизилиши. Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги токтомуна ылайык, үлүштүк курулуш механизми ишке киргизилген. Бул механизм боюнча электрондук порталда 6 467 арыз катталган, алардын ичинен 2 миң жаран үлүштүк катышуу келишимин түзүшкөн. Жалпысынан 4,9 млрд сом тартылган. Каражаттар курулушту каржылоого багытталган. Үлүштүк курулуштун механизми турак жай программасынын алкагында курулуп жаткан бардык объекттерде курулуштун темпин тездетүү, турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу максатында бюджетке оорчулукту азайтуу үчүн колдонулат.

Ошондой эле “Элдик Банк” ААК менен биргеликте “Үлүштүк курулуш” механизминин негизинде “Топтоочу ипотека” продуктусу иштелип чыкты.

Ага ылайык, төмөнкү шарттарда турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү:

- Банктагы депозит: кардар турак жайдын алдын ала наркынын 30%ын банктагы депозиттик эсепке 6 айлык мөөнөткө салат;

- Банк насыясы: турак жайдын наркынын 20%ы 5 жылдык насыя түрүндө жылдык 10% менен берилет. Күрөөнүн жоктугу артыкчылык болуп саналат.

- Ипотека: турак жай наркынын калган 50%ы жылдык 8% ипотека аркылуу 15 жылга чейин каржыланат.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында турак жай алууга кезекте 40 миңден ашуун жаран катталган.

Облус, шаар

Социалдык ипотека

Жеңилдетилген ипотека

Арзан ипотека

Үлүштүк курулуш

Жалпы

Баткен

479

612

43

95

1 229

Бишкек

2 156

12 215

5 150

4 143

23 664

Жалал-Абад

369

2 178

406

696

3 649

Ысык-Көл

218

1 312

384

362

2 276

Нарын

107

784

139

142

1 172

Ош облусу

239

2 504

416

263

3 422

Талас

56

408

53

79

596

Чуй облусу

666

4 378

1 244

687

6 975

Жалпы:

4 290

24 391

7 835

6 467

42 983

Курулушту каржылоо. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 37,5 млрд сомго жетти. Бул финансылык туруктуулукту жана мамлекеттик турак жай программаларын натыйжалуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөт.

Инвестициялар. Турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында эл аралык жана ички каржылоо булактарынын каражаттарын пайдалануу каралган.

  • Сауд өнүктүрүү фондунун 100 млн АКШ доллары жана Ислам өнүктүрүү банкынын 79 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттары жаңы турак жай объектилеринин курулушун каржылоого багытталат;
  • Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан тартылган 5 млрд сом энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана материалдарды колдонуу менен турак жайлардын курулушун каржылоого жумшалат.

Санариптештирүү. Санариптик трансформация программасынын алкагында 2024-жылдын октябрында компаниянын электрондук порталын модернизациялоо ийгиликтүү ишке ашырылды. Жаңы функциялар кезектин учурдагы абалын ыкчам көзөмөлдөөгө гана эмес, өтүнмөнүн статусунун өзгөрүшү жөнүндө эскертмелерди алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул система менен өз ара аракеттенүүнү олуттуу жакшыртат жана жарандардын тейлөө борборлоруна кайрылууларынын санын азайтат.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2 турак жай комплексинин курулушун 2024-жылдын декабрь айында аяктап, турак жай программасынын катышуучуларына 1 059 батирдин ачкычын тапшырды:

- Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 45-45А дарегинде - 549 батир;

- Бишкек шаары, Маликов көчөсү 91 дарегинде - 510 батир.

Борбор калаадагы Маликов көчөсүндө жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен ипотекалык батир алгандардын арасында Бишкек шаарынын тургуну Нурали Карагулов да бар. Ал үй алуу үчүн 2022-жылы кезекке турганын, эми минтип ак өргөлүү болуп жатканын кубануу менен айтты.

“Биз 13-кабаттан бир бөлмөлүү батир алдык. Азыр эмеректерибизди киргизип жатабыз. Жакын арада үй-бүлөм менен көчүп барам. Ижарага алган батирде эмес, мына эми өз үйүбүздө жашамай болдук. Буга чейин көп киши ишенчү эмес, биз үй алгандан кийин менин тааныштарымдын үчөө-төртөө кезекке турду. Алар да бизге окшоп үй-жайлуу боло берсин, азыр көп жерде үйлөр салынып жатпайбы”, - деди Нурали Карагулов.

Жарандардын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү үчүн учурда жалпы республика боюнча 40 миң 330 батирден турган 590 көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бул объектилердин жалпы аянты 2,5 млн чарчы метрди түзүп, болжолдуу баасы 141 млрд сом деп бааланууда.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдиргендей, 40 миңден ашуун батирдин курулушун 2027-2028-жылдарга толук бүтүрүүгө аракеттер көрүлүүдө.

“Быйыл Бишкек шаары боюнча 10 700 батирди жарандарга берүүнү пландап жатабыз. Бул көрсөткүч аябай чоң. Жылдын аягына чейин бул батирлер тапшырылат”, - деп белгиледи ал.

Материалды даярдаган Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий