• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Борбордогу мектептердин ашканалары текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Бишкетин Биринчи май районундагы мектептердин ашканаларын комплекстүү текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Комиссиянын курамына муниципалдык администрациянын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү бар.

Комиссия мүчөлөрү ашканалардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, журналдардын болушун, тамак сактоочу жайлардын абалын текшеришти.

2-декабрда башталган текшерүү иштери 9-декабрга чейин созулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий