• 85.61
  • 93.38
  • 1.04

Борбор Азия жана Пакистанда мыйзамсыз курал жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. 17-18-декабрда Австриянын Вена шаарында Борбор Азиядагы жана Пакистандагы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Жазык сот адилеттигинин аймактык жыйыны өттү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, Борбор Азия өлкөлөрү – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын прокурорлору жана эл аралык эксперттер катышты.

Катышуучулар аймактагы мыйзамсыз курал-жарак аткезчилигине каршы күрөшүүдөгү негизги көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Жыйындын соңунда катышуучулар талкуулардын жыйынтыгын чыгарып, биргелешкен иштердин приоритеттүү кадамдарын белгилешти.

Аймактык жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Пакистандын жана эл аралык коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий