Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. “Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы кышкы форма менен камсыз болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушчулар үчүн ишкананын логотибинин түстөрүндө иштелип чыккан 365 комплект форма сатылып алынган.
Кийим жол боюндагы кооптуу аймактарда нөөмөт учурунда жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн чагылдыруучу кездеме менен капталган. Форма кыш мезгилине ылайык жылууланган.
Форма кызматкерлердин тартипти сактоосуна жана топтогу биримдикти чыңдоого жардам берет.
Пикир
Оставить комментарий