Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. “Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы кышкы кийим менен камсыздалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жашылчарба жумушчулары үчүн ишкананын логотибинин түстөрүндө иштелип чыккан 300 комплект форма сатылып алынган: сары, жашыл жана боз.
"Кийим жол боюндагы кооптуу аймактарда нөөмөт учурунда жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн чагылдыруучу кездеме менен капталган. Форма кыш мезгилине ылайык жылууланган", - деп айтылат маалыматта.
	
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий