• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

"Бишкекжарык" ишканасынын автомунаралары модернизациялоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын автомунаралары модернизациялоодон өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, болжол менен беш унаанын сырткы көрүнүшү жаңыртылып, косметикалык жаңылануудан кийин атайын техника кортеж менен кызматка кетти.

Белгилей кетсек, Бишкекте күнү-түнү нөөмөттө турган 12 автомунара бар.

Эгерде көчөңүздө капысынан караңгы болуп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына чалсаңыз болот: (0312) 46-30-89, 57-63-51, шт: 0777 902-115.

Пикир

Оставить комментарий