Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкектин Менделеев көчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлө баштады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу 360 погондук метр, туурасы 6 метрди түзгөн бөлүгүн оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Учурда таптоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлүп, лоток жана жол бордюрларды орнотуу иштери жакында башталат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Менделеев көчөсүнүн Октябрь көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин бөлүгүндө лотоктор орнотулууда.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий