• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Бишкектин конуштарында жарыктандыруу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Борбор калаанын конуштарында "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тышкы жарыктандырууларды орнотуу иштерин жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Кара-Жыгыч конушунда Төө-Ашуу, Бакай, Кожомкул, Исакеев жана Көк-Ойрок көчөлөрүнүн боюна узундугу 1570 метр өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зым (СИП) тартылып, 40 даана көчө чырактары орнотулду.

Мындан тышкары, 5 жана 8-кичирайондорго 12 даана жаңы чырактар орнотулду.

Белгилей кетсек, жарыктандыруу иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий